Иш-чара тилдик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, чет тилдерин үйрөнүүгө болгон кызыгууну жогорулатууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталды.
Олимпиаданын уюштуруучулары: улук окутуучу Тешебаева Д.Т., улук окутуучу Нурия Мэлсбек жана окутуучу Казыбекова Н.Ж. болду. Алардын жогорку кесипкөйлүгү жана ар бир деталга болгон кылдат мамилеси сынактын жогорку уюштуруу деңгээлинде өтүшүн камсыз кылды.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Иманбаева Дария («Эсеп жана аудит» адистиги, 1-топ) — 95 упай;
2-орун — Дыйканова Жылдыз (ИФ, 1-топ) — 88 упай;
3-орун — Файзуллаев Алиаскар (ИФ, 1-топ) — 75 упай.
Тил — адамдын жашоосундагы эң маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Ал билим алууга, кесиптик өсүүгө жана маданияттар аралык байланыштарды кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындай иш-чараларды өткөрүү студенттердин интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана академиялык чөйрөнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Филиалдын жетекчилиги жана окутуучулар жамааты Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана бардык катышуучуларын куттуктап, аларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана ишенимдүү алдыга умтулууларды каалайт. Филиалыбыз студенттерди билимге, өнүгүүгө жана жогорку жыйынтыктарга умтулууга шыктандырып, мындан ары да гүлдөп-өсө берсин.