• УНИВЕРСИТЕТ ЖӨНҮНДӨ
  • ЛИЦЕНЗИЯ
  • РЕЙТИНГ
  • СТРУКТУРА
  • НАУКА
  • ФАКУЛЬТЕТТЕР
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • БАЙЛАНЫШ
    • Кыргызча
        • Кыргызча
        • Русский
        • English
Education Logo Images
  • УНИВЕРСИТЕТ ЖӨНҮНДӨ
  • ЛИЦЕНЗИЯ
  • РЕЙТИНГ
  • СТРУКТУРА
  • НАУКА
  • ФАКУЛЬТЕТТЕР
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • БАЙЛАНЫШ
«Аль-Фараби атындагы КазУУ» Бишкек филиалы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

2025-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарындагы аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети менен биргеликте
«Глобалдашуу шарттарында Кыргызстан жана Чыгыш өлкөлөрүнүн элдеринин улуттук маданиятын сактоо жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери»
аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциянын сооорганизаторлору болуп чыгышты.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын окумуштуулары жана адистери катышты. Иш-чара офлайн жана онлайн форматында өтүп, маданият, философия, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы изилдөөчүлөрдү бириктирди.

Катышуучулардын баяндамаларында Борбор Азия өлкөлөрүнүн заманбап иденттүүлүгүн калыптандыруудагы маданий, гуманитардык жана саясий факторлордун өз ара байланышы кеңири талкууланды.

Конференциянын иши үч секцияда жүрдү, анда төмөнкү маселелер каралды:

  • глобалдашуу шарттарында улуттук иденттүүлүктү сактоо көйгөйлөрү;

  • маданий мурастын трансформациясы жана билим берүү системасынын маданий өнүгүүдөгү ролу;

  • эл аралык байланыштарды чыңдоонун куралы катары маданий дипломатия.

Дискуссияларга Бишкектеги КазНУ филиалынын окутуучулары жана изилдөөчүлөрү да жигердүү катышып, эл аралык кызматташтык, маданияттар аралык диалог жана гуманитардык интеграция боюнча илимий иштеринин жыйынтыктарын сунушташты.

Конференциянын жыйынтыгында Борбор Азиядагы маданий мейкиндиктин туруктуу өнүгүшү Кыргызстан менен Казакстандын илимий жана билим берүү байланыштарын чыңдоосуз мүмкүн эмес экендиги баса белгиленди. Катышуучулар университеттердин маданий дипломатияны өнүктүрүүдөгү жана руханий баалуулуктарды сактоодогу маанилүү ролун белгилешти.

Иш-чара сертификаттар жана ыраазычылыктарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.
Бишкек шаарындагы КазНУ филиалы эл аралык академиялык кызматташтыкты жана маданий өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого салым кошкон активдүү илимий аянтча экендигин дагы бир жолу тастыктады.

АЛЬ-ФАРАБИ АТЫНДАГЫ КАЗАК УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ

БАЙЛАНЫШ
  • УНИВЕРСИТЕТ ЖӨНҮНДӨ
  • ЛИЦЕНЗИЯ
  • РЕЙТИНГ
  • СТРУКТУРА
  • НАУКА
  • ФАКУЛЬТЕТТЕР
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
БАЙЛАНЫШ
  • +996 312 39 40 52
  • +996 706 02 20 22
  • +7 701 473 88 83
  • alfarabi.kg@kaznu.edu.kz
  • город Бишкек, улица Турусбекова, 109/2